Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулду

Бүгүн, 2014-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттары менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында төмөнкүдөй токтом кылынат:

Абу-Даби шаарында жайгаштыруу менен Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулсун.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

- республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин бир айдын ичинде чечүү;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 4-декабрь