Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 23-октябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамын жана коргоо тармагында мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын тактоого, ошондой эле мыйзамдын текстинде мамлекеттик тилде кээ бир түшүнүктөрдү стилистикалык жагынан өркүндөтүүгө багытталган.

Түзөтүүлөргө ылайык, Куралдуу Күчтөрдүн курамына аскердик башкаруу органдары, жөө аскерлер бирикмелери, бөлүктөр жана мекемелер, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү, Улуттук гвардия, Чек ара кызматы кирет.

Ошондой эле, аскер комиссариаттарынын ишмердигин, аскердик каттоону уюштурууну, жарандарды аскердик кызматка даярдоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну  камсыз кылуу милдети коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына киргизилген. Ошону менен бирге Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу милдети жүктөлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 2-декабрь