Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун айрым судьялары өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулду

Бүгүн, 2014-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «А.Н. Конгайтиев, Р. Нурматов жана М. Орозбеков жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунуштары боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык токтом кылынат:

Төмөнкүлөр өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:

- Талас облусунун Талас шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Конгайтиев Анарбек Шайылдаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Нурматов Раимжан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Орозбеков Муратбек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 28-ноябрь