Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылынын 23-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жактан жөнгө салуу болуп саналат.

Мыйзам насыялык тарыхтарды калыптандыруу жана насыялык маалымат алмашуу милдетин аткарган насыялык бюролордун ишмердигине тиешелүү мыйзамдардагы кенемтелерди толуктайт.

Мыйзам төмөнкү күндөн тартып күчүнө кирет:

1) насыялык бюролордун ишин лицензиялоого жаткан иштин түрлөрүнүн тизмегине киргизүү караган «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор күчүнө кирген;

2) ушул Мыйзамга ылайык насыялык маалымат алмашуу укугун караган «Банктык сыр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр күчүнө кирген.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 27-ноябрь