Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылынын 22-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн  үлүшүн көбөйтүү болуп саналат.

Ушул максатта кабыл алынган мыйзамда «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамдын 24-статьясына юридикалык жакты түзгөн камсыздандыруучулар 100 000 (жүз миң) сомдон ашык суммага эсептелген  камсыздандыруу салымдарын юридикалык жактын эсептешүү эсебинен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептешүү эсебине которуу менен гана төлөшөт деген милдеттүү талапты белгилеген  өзгөртүү киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 25-ноябрь