Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмаз Насыров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды

Бүгүн, 2014-жылдын 24-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Насыров Алмаз Турусбекович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Шамшиев Чынгыз Болотбекович ээлеген кызматынан бошотулду.

2014-жыл 24-ноябрь