Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине  өзгөртүүлөрдү  жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 15-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жоболорун өркүндөтүү жана кылмыш ишин териштирүү сапатын камсыз кылуу болуп саналат.

Мыйзам тергөөчүнү тергөө аяктаган этапта тергөө аяктагандыгы тууралуу токтомдун ордуна айыптоо корутундусун түзүүгө милдеттендирет.

Ошону менен бирге Мыйзамда жазык процессинин сотко чейинки стадиясына төмөндөгү механизмдерди киргизүү каралат:

-  конкреттүү негиздердин тизмесин тактоо менен кылмыш тууралуу арыздарды жана маалыматтарды тергөөчү жана прокурор тарабынан кароонун мөөнөтүн узартуу;

- жоголгон жазык ишин калыбына келтирүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 21-ноябрь