Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби  жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты -  БУУнун тынчтыкты колдоо миссияларына катышуу үчүн милиция  кызматчыларын  Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары  жөнөтүү тартибин аныктоо укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыйгарууну мыйзам менен бекитүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 21-ноябрь