Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу боюнча долбоор - БА ЖКЖД-1) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 22-октябрында кабыл алынган

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тагылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 19-ноябрь