Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан  2014-жылдын 8-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамда   2004жылдын 22-майындагы № 67 «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун  негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын техникалык жөнгө салуу обьектилери, түшүнүк аппараттары, шайкештигин баалоо, техникалык регламенттердин талаптарын сактоого мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле мыйзамдын өткөөл жоболорунун таасир этүү чөйрөсүнө тиешелүү ченемдерге түзөтүүлөр киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 18-ноябрь