Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  жанатолуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2014-жылдын 15-октябрында кабыл алынган.

Мыйзам Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын   эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын    Мыйзамдарына  ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамдын статьясында  тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы такталган, “ЮНЕСКОнун алдындагы Бүткүл дүйнөлүк мурас комитети” деген сөздөр “Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрү” деген сөздөргө алмаштырылды. Ошондой эле чарба иштерин жүргүзүүдө жана территорияны өздөштүрүүдө  археология эстеликтерин чалгындоо жана казууларды жүргүзүүнүн тартиби такталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 17-ноябрь