Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган.

Мыйзамда саясый мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары административдик мамлекеттик кызмат орундарын конкурстан тышкары ээлеш үчүн иштеген кызматында бир жылдан кем эмес иштөө талабы киргизилет.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзам менен «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы саясый мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилери консультанттарына кызматка дайындоодо гана колдонулбагандыгы (азыркы редакцияда аталган кызматчыларды көтөрүү жана ордунан бошотуу жагында деп  дагы айтылган) такталат.

47-статьяга киргизилген өзгөртүүлөр менен мамлекеттик органды жоюуга же кайра уюштурууга байланыштуу мамлекеттки кызматтан бошотулуп жаткан адам арызынын негизинде кадрлардын ички резервине киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 13-ноябрь