Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин тактоо максатында төмөнкүдөй токтом кылынат:

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 “Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө” Жарлыгынын 4 жана  5-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 20-июлундагы № 313 “Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө” Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы № 47 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчылары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишинин башка маселелери жөнүндө” Жарлыгынын 4 жана 5-пункттары;

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борбору жөнүндө” Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 217 Жарлыгы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-октябрындагы № 206 “З.М. Апышев жөнүндө” жана 2013-жылдын 12-октябрындагы № 207 “К.Т. Зулушев жана М.А. Сатыев жөнүндө” жарлыктарынын преамбуласындагы “17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна,” деген сөздөр алып салынсын.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин “Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары” деген 3-главанын 3.1-пунктунун “Өкмөттүн Аппараты” деген графасынын “Улук кызмат орду” тобунун “С-А” категориясы алып салынсын.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 11-ноябрь