Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Турдакун Усубалиевге Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясы белгиленди

Бүгүн, 2014-жылынын 4-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Усубалиев Турдакун Усубалиевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка мамлекетке жана Кыргызстан элине сиңирген зор эмгеги үчүн, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 95 жылдыгына байланыштуу кол коюлду.

Жарлыкка ылайык, Усубалиев Турдакун Усубалиевичке 2014-жылдын 1-ноябрынан баштап Президенттик фонддун каражаттарынан 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү ай сайын стипендиясы белгиленди.

Президенттин өмүр бою ай сайын берилүүчү стипендиясы Турдакун Усубалиевдин негизги пенсиясына кошумча болот.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 4-ноябрь