Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Эмгекти коргоо жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 2-октябрында кабыл алынган.

Мыйзам ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоонун жыйынтыктары, «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө»  Мыйзамдарына, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасында жүргүзүлгөн реформаларга ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Кол коюлган Мыйзам ошондой эле тактоо жана редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү камтыйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 4-ноябрь