Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Аман Мамбетсеитов ЖККУнун Туруктуу кеңешинде Кыргыз Республикасынын Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси Мамбетсеитов Аман Бейшебаевич ишин айкалыштыруу менен Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Туруктуу кеңешинде Кыргыз Республикасынын Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен Ильязов Нурбек Качкынович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна караштуу Туруктуу кеңеште Кыргыз Республикасынын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

2014-жыл 3-ноябрь