Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Жарлык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93 жана 102-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» жана «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюлду.

Киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоого ылайык, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору» кызматы «Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары» главасынын «Жогорку кызмат орду» деген тобунун «В-А» категориясынын «Атайын мамлекеттик кызмат орундары» деген категориясына өттү.

Ошол эле кезде «Улук сот аткаруучу» кызматы «Улук кызмат орду» тобунан «С-Б» категориясынан «С-А» категориясына өттү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 30-октябрь