Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» Жарлыктарга кол койду.
1 Жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 536 адамды (507 чоң киши 29 баласы менен)кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.
1 Жарлык 124 адамдын (100 чоң киши жана 24 бала)Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 21-октябрындагы № 183 Жарлыгы >>>.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 21-октябрындагы № 184 Жарлыгы >>>.