Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги уюштурулду

Бүгүн, 2014-жылдын 24-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык,Азербайжан Республикасы менен болгон макулдашууларды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасы менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй токтом кылынат:

Баку шаарында жайгашуусу менен Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги уюштурулсун.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

- Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыздоо маселелерин республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде бир айдын ичинде чечүү;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү милдети тагылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 24-октябрь