Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Калың кардын кесепетинен каза болгон Толкунбай Абдыровдун үй-бүлөсүнө, ошондой эле дайынсыз жоголгон Мирзали Сериков жана Орипжан Маматалиевдин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2014-жылынын 8-октябрында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда жааган калың кардын кесепетинен каза болгон Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Беш-Мойнок айылынын тургуну Абдыров Толкунбай Раимовичтин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 50 000 (элүү миң) сом бөлүндү.

Мамлекет башчысынын ушул эле буйругу менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Түрк-Абад айылынын дайынсыз жоголгон чабандары Сариков Мирзали Мусаевичтин жана Маматалиев Орипжан Жумаевичтин үй-бүлөлөрүнө издөө иштерин жүргүзүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 50 000 (элүү миң) сомдон бөлүндү.

2014-жыл 20-октябрь