Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ишине тиешелүү маселелерди териштирүү максатында комиссия түзүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 15-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2014-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушуусунун жүрүшүндө айтылган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ишине тиешелүү маселелерди териштирүү максатында комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү кирди.

Комиссияга иштин жыйынтыгы боюнча 2014-жылдын 18-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүү милдети тапшырылды.

2014-жыл 15-октябрь