Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жыргалбек Омурзаков Нарын облсунун Жумгал райондук сотунун төрагасынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

2014-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негинизде Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Нарын облусунун Жумгал районун сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Омурзаков Жыргалбек Токторбаевич ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жөндөмсүздүгүнөн улам Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 13-октябрь