Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Гульнара Курманова жана Каныбек Омурканов Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьяларынын кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

2014-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунуштары боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Курманова Гульнара Карпековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Омурканов Каныбек Кыдыкович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 13-октябрь