Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары жана башкармасынын мүчөсү дайындалышты

Бүгүн, 2014-жылынын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйруктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Орозбаева Лада Жантаевна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Сагындыков Нурланбек Асанкариевич болсо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү болуп дайындалышты.

Мамлекет башчынын башка буйруктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Чокоев Заир Ленарович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарынын кызматынан, Алыбаева Салтанат Курулушбековна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсүнүн кызматынан бошотулушту. 

2014-жыл 16-сентябрь