Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Мелис Турганбаев дайындалды

Бүгүн, 2014-жылдын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «М.Ш.Турганбаев жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынан бошогондугуна байланыштуу токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин тиешелүү жактыруусу алынганга чейин Турганбаев Мелис Токтомамбетович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна М.Т.Турганбаевдин талапкерлигин жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте сунуш киргизсин.

Жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 16-сентябрь