Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Нарын облусунун Каныш капчыгайында жана Кырчын жайлоосунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 13-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2014-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Каныш капчыгайындагы жана Кырчын жайлоосундагы өрттү өчүрүүдө курман болгон Нуралиев Абаскан Рыскуловичтин жана Дүйшөналиев Алтынбектин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү.

2014-жыл 13-сентябрь