Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, маданий мурасты сактоо ишинде ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасы менен кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ЮНЕСКОнун башкы директору Бокова Ирина Георгиевна «Даңк» медалы менен сыйланды.