Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын эл артисти Мелисбек Асылбашевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 18-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамблинин башкы балетмейстери Мелисбек Асылбашев каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү.

2014-жыл 18-август