Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 58-беренелерине ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын Учар жана Дыйкан-Кыштак шайлоо округдары боюнча кайталап шайлоо жекшембиге, 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлүүгө;

- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Ош облусунун Кара-Суу районун мамлекеттик администрациясынын башчысына тийиштүү шайлоо комиссияларына шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шайлоочулардын тизмелерин иреттештирүү, тактоодо жана түзүүдө, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 5-август