Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө» Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө» Жарлыктарга кол койду.

2 Жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 351 адамды (330 чоң киши жана 21 бала) кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, Өзбекстан Республикасынын мурдагы жарандары.

1 Жарлык 388 адамдын (298 чоң киши жана 90 бала)Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-июнундагы № 126 Жарлыгы >>>.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-июнундагы № 127 Жарлыгы >>>.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-июнундагы № 128 Жарлыгы >>>.

2014-жыл 25-июнь