Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командачылык курамы жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командачылык курамы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командачылыгынын төмөнкү курамы аныкталды:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басарлары.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 167 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку командачылыгы жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп табылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 31-июль