Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарын өркүндөтүүгө, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) эксперттеринин сунуштарын аткарууга жана Аба кодексинин ченемдерин эл аралык практика менен шайкеш келтирүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 31-июль