Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ««Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамдын негизги максаттары - ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана бажы тарифинин айрым позицияларын ички жана тышкы рыноктордун конъюнктурасынын өзгөрүүлөрүнө ылайык келтирүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мыйзамдын тексти >>>.