Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө»Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка Кыргыз Республикасы менен Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясынын) кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60 жана 65-беренелерине ылайык кол коюлган.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөсү, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Нарымбаев Данияр Ильич - Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 21-июль