Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Аманкул Балтабаев Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Балтабаев Аманкул Жаакемилович ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жарамсыз болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 21-июль