Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Болот Момбеков өз каалоосу боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Момбеков Болот Канаевич өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 21-июль