Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июлунда кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик менчикти менчиктештирүү механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган, ошондой эле менчиктештирүү программасынын мазмунун жана ага киргизилген объекттерди тактайт.

Фонд биржасына акцияларды коюп, сатуу жолу менен менчиктештирүүнүн жаңы методун аткаруу тартиби жана түшүнүгү, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатууну электрондук формада жүргүзүү боюнча жобо киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 19-июль