Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 18-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамда салык төлөөчүдөн  салыктык милдеттенменин суммасынан ашык акчалай каражаттарды төлөөнү талап кылууга тыюу салуу бөлүгүндө салык органдары менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелер такталып, редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр киргизилген.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 55-беренесинин 5-бөлүгүн кошпогондо, 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 18-июль