Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 18-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – айрым мыйзам актыларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө», «Муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө», «Аксакалдар соттору жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө», «Салыктык эмес төлөмдөр», «Ичүүчү суу жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө», «Көмүр жөнүндө», «Жарнак жөнүндө», «Нотариат жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө», «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөр  камтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 18-июль