Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 18-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын жер казынасына карата мамлекеттик мүлк укугун бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти жогорулатуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 18-июль