Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин азыркы 251, 259 жана 265-статьяларына ылайык, сот процессинин катышуучулары болгон адамдарды сот жыйынына чакыруу катышуучу адамдарды айыптоочу жана коргонуучу тараптар камсыз кылышат. Ошол адамдар жүйөлүү себептерсиз катышпаган учурда алып келүү ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлөт.

«Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аталган статьяларга өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык ушул адамдар жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда, аларды процесске алып келүү судьялардын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча жазык ишин тергеген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ушул жаңылык жазык иштерди соттордо убагында кароону камсыз кылууга багытталган, анткени процесстин катышуучуларынын жүргөн жерин аныктоо боюнча прокурорлордун жана коргонуучулардын аракеттери майнапсыз, анткени аларда таасирдүү механизмдер жок.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 16-июль