Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын эмгектенүү укуктарын коргоо, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын айрым ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүү, ошондой эле “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдарга редакциялык жана тактоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 18-июль