Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 27-майында Бишкек шаарында кол коюлганКыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы  Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тажик тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 16-июль