Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 14-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын  жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу боюнча ишти жүзөгө ашырууда, биометрикалык маалыматтар базасын актуалдаштырууда жана коргоодо пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 14-июль