Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам дарылык, дартты аныктоочу, алдын алуучу жана дарылоо-косметикалык каражаттарды, медициналык, багыттагы буюмдарды жана техниканы, дарылап-алдын алуучу тамак-аш продуктыларын жана тамак-аш кошундуларын өндүрүүнүн, сатып алуунун жана сатып өткөрүүнүн эрежелерин бузуу, ошондой эле фармацевттик ишти мыйзамсыз жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында кабыл алынган.

Ушул максатта аталган мыйзам бузуулар үчүн азыркы айыптар жарандар үчүн «бештен он» эсептешүү көрсөткүчтөрү «жыйырмадан элүүгө» көбөйүп, ал эми кызмат адамдары үчүн «жыйырмадан элүү» эсептешүү көрсөткүчтөрү - «отуздан жүз» эсептешүү көрсөткүчтөрүнө көбөйөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 14-июль