Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөттөрүн өзгөртүү.

Ошентип, «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын 14-беренесине өзгөртүү киргизилип, ага ылайык мыйзам бодо мал баккан чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн - 2014-жылдын 1-ноябрынан, жылкы кармагандар үчүн - 2015-жылдын 1-ноябрынан, майда мал баккандар үчүн - 2016-жылдын 1-ноябрынан, канаттууларды, аарыларды кармагандар үчүн - 2017-жылдын 1- ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 14-июль