Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарынын өзгөчө статусуна байланыштуу чектөөлөрдү киргизүү.

Аталган максатта “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамы 2-1 беренеси менен толукталып, ага ылайык «Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын катышуусу менен кыймылсыз мүлк объекттеринин кандай болбосун түрлөрүн ээликтен ажыратуу менен байланышкан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат». 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 11-июль