Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз  Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам  мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгында көп ирет пайдалануу үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдик документтерди сактоо максатында кабыл алынды.

Ушул максатта Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 553-1-беренеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 89-беренеси  жаңы жоболор менен толукталды. Ага ылайык иш үчүн маанилүү документтердин түп нускасын мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден алып коюуга тыюу салынат. Мындай учурларда ишке тиркөө үчүн документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 11-июль