Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасында тибигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында тибигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 12-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамда табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъектилеринин продукцияны (кызматты) экскпорттоодогу ишмердигин жөнгө салуу каралган. Ошентип, азыркы 2011-жылдын 8-августундагы № 149 Мыйзамынын 4-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунтунда (Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин иштерин мамлекеттик жөнгө салуу) колдонулган бааларды жөнгө салуу методдорунун бири - бааларды (тарифтерди) белгилөө, анын ичинде экспортко деген ченем алынып салынат.

Ошону менен бирге азыркы Мыйзамда окшош ченемдерди алып салуу максатында 8-берененин 1-бөлүгүнүн 14-пункту (Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин милдеттери) күчүн жоготту деп табылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 9-июль