Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо  боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондуна Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун  аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 10-июль